Өзбекстандын чек ара кызматы Тилек Матримовду жана анын туугандарын Кыргызстанга өткөрүп берди

9 октябрь 2020 10:44 741 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын чек ара кызматы 6-октябрда чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатып кармалган Тилек Матраимовду жана анын туугандарын Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“2020-жылдын 9-октябрында Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузган 1967-жылы туулган Матраимов Тилек, 1989-жылы туулган Кочкорбаев Зиябиддинбек жана  1979-жылы туулган Ахмедов Махсуд аттуу жарандарды Кыргызстанга өткөрүп берди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө органдары тарабынан 2020-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-chek-ara-kyzmaty-tilek-matrimovdu-zhana-anyn-tuugandaryn-kyrgyzstanga-tkrp-berdi



Добавить комментарий