Казакстанда кыш чыгаруучу заводдо 60 чет элдик жаран кулчулукта кармалып келген

18 октябрь 2023 14:41 1132 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын түштүгүндөгү кыш чыгарган заводдон 60 чет элдик жаран эмгек кулчулугунда кармалып турган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 14-октябрда Алматы милициясына Актөбө облусунун тургунунан билдирүү түшкөн.

Арыз ээси Өзбекстандын жараны болгон агасы Шымкенттеги эмгек кулчулугунан качып, Алматыга келгенин айткан. 

Арыз ээсинин айтымында, Шымкенттеги кирпич чыгаруучу заводдун кожоюндары агасын физикалык күч менен коркутуп, күч колдонуп иштетип келишкен.

Ал эми, качып келгенден кийин, көп өтпөй, белгисиз адамдар анын бир тууганынын изине түшүп, аны уурдап, БМВ үлгүсүндөгү унаага салып, болжолдуу түрдө Шымкентке алып кетишкен.

“Атайын операциянын жүрүшүндө Алматы жана Шымкент шаарларынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кыш заводунун үч ээсин, Шымкент шаарынын жана Түркстан облусунун тургундарын кармашты. Алардын экөө бир туугандар.

“Тинтүү учурунда тергөөчүлөр эки заводдун аймагынан 60тан ашык чет элдиктерди табышкан, алардын баары Өзбекстандын жарандары. Сотко чейинки иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган ишканага чет өлкөлүк жарандар чакырылганы аныкталган. Анан документтерин алып коюшуп, айлыгыктарын бербей, маал-маалы менен физикалык күч колдонуп, зомбулук көрсөтүп коркутушкан.

Бүгүнкү күндө, 25 чет элдик жумушчу “Сана сезим” бейөкмөт уюмунун камкордугунда болсо, 30дан ашуун жаран өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан кабыл алуу пунктуна жайгаштырылган. 

Милицияга шектүүлөр боюнча чет элдик жарандардан үч расмий билдирүү түшкөн. Кылмышка шектүүлөр камакта. Учурда Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси: 126 «Эмгекти эксплуатациялоо максатында мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» жана 389 «Ээнбаштык» боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертиза дайындалды”, -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын да бир нече жарандары Казакстандан кулчулуктан бошотулуп, өлкөгө алынып келинген.  
 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kysh-chygaruuchu-zavoddo-60-chet-eldik-zharan-kulchulukta-karmalyp-kelgen



Добавить комментарий