Залкар акын Элмирбек Иманалиевдин китептери жарык көрдү

22 октябрь 2020 11:59 13763 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин жаңы китептери жарык көрдү. Бул тууралуу  акындын досу төкмө акын Жемишбек Жумакадырдын фейсбук баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жеңишбек Жумакадыр маркум акын Элмирбек Иманалиевдин “Аманат”, “Ак таңдагы ак бата” аттуу китептери жарык көргөнүн айтты.

“Элмирбектин керемет  китептери чыкты. 27- октябрдан баштап китеп дүкөндөрдөн сатып ала баштасаңыздар болот”, - деп жазган ал.

Сөз багып, өнөр аздектеген кыргыздын залкар акыны Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн. Аз, бирок, саз өрүндө ал жалпы журтка кадыры тоодой сиңип калыптыр. Акын каза болгон учурда коронавирус илдети күч алып турганына карабай миңдеген мекендештерибиз улуу залкар менен коштошуу зыйнатына келишкен. Кыргыздын өнөрлүү уулу болгону 42 жаш курагында бул дөйнө менен кош айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zalkar-akyn-elmirbek-imanalievdin-kitepteri-zharyk-krd



Добавить комментарий