Өз кызын зордуктап жүргөн киши өмүр бою абакка кесилди

6 февраль 2020 15:11 639 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Араван районунун соту 15 жаштагы кызын зордуктап жүргөн кишини өмүр бою абакка кести. Бул тууралуу райондук прокуратурадан кабарлашты.

Ага ылайык, мындай өкүмдү сот 5-февралда кабыл алган. Прокуратура 1976-жылы туулган К.Б. аттуу айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү суранган.

Буга чейин маалым болгондой өз кызын бир жылдан бери зордуктап жүргөн киши тууралуу коомчулукка маалымат 2019-жылдын декабрында белгилүү болгон. Кыздын апасы төрт жыл мурда каза болуп калган.

Зомбулукка кабылган кыз Ош шаарындагы кесиптик лицейлердин биринде окуп келген. Ал декабрдан тарта окууга келбей калган. Анын үйүнө барган айыл өкмөтүнүн социалдык педагогу кыз атасы, чоң апасы жана туугандары менен жашай турганын билген.

Кызын зордуктап жүргөн факты аныкталып, ал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары кыздын атасы кармалган.

Тергөө учурунда киши бардык жасагандарын моюнга алган.

Ссылка: https://barometr.kg/z-kyzyn-zorduktap-zhrgn-kishi-mr-boyu-abakka-kesildi



Добавить комментарий