Макгрегор зордуктоо боюнча айыптоодон кийинки биринчи билдирүүсүн жасады
Эки салмак категориясы боюнча UFC чемпиону Конор Макгрегор зордуктоо боюнча айыпталгандан кийин биринчи билдирүүсүн жасады. Бул тууралуу мушкердин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
"Колдооңуз үчүн бардыгыңыздарга чоң рахмат, мен аны баалайм. Кандай пландарым бар? Албетте беттештерге чыгуу. Кийинки беттешимди чыдамсыздык менен күтөм", - деп жазды Конор.
Макгрегор 9-июнда өткөн Денвер Наггетс менен Майами Хиттин Улуттук Баскетбол Ассоциациясынын (НБА) финалдык оюнунда кыз зордукталган деп айыпталган.
"Конор тергөөнү колдойт. Ал айыптоолордун жалган экенин тергөө көрсөтөт деп бекем ишенет. Акча талап кылган кыз көздөгөнүн ала албай калгандан кийин, ага басым көрсөтүү максатында маалымат каражаттарына кайрылган", - деди Макгрегордун адвокаты Барбара Лланес.
Ссылка: https://barometr.kg/makgregor-zorduktoo-boyuncha-ajyptoodon-kijinki-birinchi-bildirsn-zhasady
Добавить комментарий ×