Ысык-Көлдөгү “Асман” шаарына капсула салуу аземинде 1000ден ашык милиция коопсуздукту камсыздоодо
Бөлүшүү:
Ысык-Көл облусундагы “Асман” эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде 1000ден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 30-июнь күнү Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Асман” эко-шаарынын курулушуна капсула салынат.
“Иш- чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан 1000 ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×