Ысык-Көлдөгү “Асман” шаарына капсула салуу аземинде 1000ден ашык милиция коопсуздукту камсыздоодо

30 июня 2023 11:00 941 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусундагы “Асман” эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде 1000ден ашык милиция кызматкерлери коомдук  коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилүү болгондой, бүгүн, 30-июнь күнү Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Асман” эко-шаарынын курулушуна капсула салынат.

“Иш- чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан 1000 ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldg-asman-shaarynyn-kurulushuna-kapsula-saluu-azeminde-1000den-ashyk-miliciya-koopsuzduktu-kamsyzdoodo



Добавить комментарий