Ысык-Көлдө жоголгон келин аэропорттон табылды
Дайынсыз жоголгон Нурпери Жаркынбекова табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгына кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, 2-октябрда эл аралык “Манас” аэропортунан милицияга изделип жаткан аял Россияга учууга камынып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери аэропортко барып, андан соң Нурперини ата-энесиникине жеткирип беришти.
Буга чейин ЖМКларда Жети-Өгүз районунун тургуну Нурпери Жаркынбекова 25-сентябрдан бери изделип жатканы тууралуу маалымдалган. Анын жолдошу келинчеги Нурпери Жаркынбекова 25-сентябрда саат 08:00дө үйүнөн Каракол шаарына чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун айтып милицияга арыз берген.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhogolgon-kelin-aeroportton-tabyldy
Добавить комментарий ×