Ысык-Көлдө жаӊы жыл майрамынын алдында мас айдоочулар менен күрөш күчөтүлүүдө

28 декабрь 2020 14:18 981 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаӊы жылдык майрам күндөрү облустун аймагында мас айдоочуларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери элдер көп чогулган жерлерде, б.а. соода борборлордун, эс алуу жайлардын жана массалык иш-чаралар өтө турган жайларда кайгуул иштерин турмушка ашырууда.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринин кошумча күчтөрү өзгөчө облустун шаар жана район борборлорунда иш алып бармакчы. Май айдоочуларды аныктоо боюнча атайын операциялар жана рейддер иш мерчемдерге киргизилип, алар өз маалы менен иш жүзүнө ашырылууда. Мекемеде белгилегендей, мас айдоочуларга жаӊы жыл күнү жана анын алдында, ошондой эле башка күндөрү эч бир лоялдык мамиле болбойт.

Мисалы, 24-декабрдан 26-декабрга чейинки аралыкта «Укук тартип» профилактикалык операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 1000 жакын жол эрежесин бузган айдоочулар жоопко тартылды. Автоунааларын мас абалында айдаган 59 айдоочу аныкталып, аларга карата КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 128-беренеси менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Андан тышкары, автоунаалары төлөнүчүү атайын айып аянтчаларына токтотулду.      

Жол эрежелерин аныкталган бузуулардын ичинен 413 учурунда айдоочулар ылдамдыктардын, ал эми 236 учурунда жол белгилердин талаптарын сактабаган эмес. Жол эрежесин бузган айдоочулардын бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылып, тийиштүү айып пулдар салынды.

«Жаңы жыл – бул үй-бүлөнүн жылуу жана жакшы кечтери үчүн эң сонун учур экендигин унутпаңыздар. Мас абалында автоунаага отуруп, өзүңүздөрдүн жана жакыныӊыздардын жашоосун бузбаңыздар!» - деп белгилешти Ысык-Көл облусунун жол коопсуздугунун кызматкерлери.  


Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhay-zhyl-majramynyn-aldynda-mas-ajdoochular-menen-krsh-kchtld



Добавить комментарий