Төрөт учурунда акыреги сынып кеткен ымыркайдын окуясы тууралуу дарыгерлер билдирүү жасады

16 август 2023 13:23 1204 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрөт учурунда акыреги сынып кеткен ымыркай тууралуу оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Рыскан Алдашева билдирүү жасады. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Дарыгердин айтымында, ымыркай салмагы чоң болгондуктан төрөт учурунда акырек сөөгү сынып кеткен. 

«Келин бизге 10-августта түшкөн. 14-августта пландуу операцияга жолу аркылуу көз жармак. Келиндин толгоосу белгиленген күнгө жетпей, 13-августта башталып калып, күзөттөгү дарыгерге кайрылган. Медайым карап, бир аз көзөмөлдөп турууну туура көргөн. Ошол түнү 8 төрөт болгон. Оор операция да болот. Операциядан чыккандан кийин дарыгерлер толгоо башталып, баланын башы ылдый келип калганын көрүп, өзү төрөйт деген жыйынтыкка келишкен. Төрөт кичине оор болгондуктан, баланын салмагы чоң болуп, акырек сөөгү сынып кеткен. 40 мүнөттөн кийин дарыгер ымыркайды балдар бөлүмүнө алып кеткен. Ошондон бери ошол жерде көзөмөлдө. Азыр болгон дарысын алып жатат. Бизди учурда текшеришүүдө, дарыгерлер колунан келгенин кылышыптыр. Ката болсо дарыгерлер жооп берүүгө милдеттүү», — деп айтылат дарыгердин билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, Ысык-Көлдөгү төрөт үйүндө төрөт учурунда акыреги сынган ымыркайдын атасы кайрылуу жасаган. Анын айтымында, мындай жагымсыз жагдай дарыгерлердин шалакылыгыган болгонун айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган. 

Көп өтпөй, Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-trt-uchurunda-akyregi-synyp-ketken-ymyrkajdyn-okuyasy-darygerler-nariste-salmagy-cho-bolgonduktan-sg-synyp-ketkenin-ajtty



Добавить комментарий