Ысык-Көлдө санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган субъекттер жазаланат

1 июнь 2020 15:23 663 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көл районундагы туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Осмоналиев санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган субъекттер жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.

"Учурдун талабына ылайык жаңы шарттарды сактап иштөө абзел. Биринчи кезекте, санитардык гигиеналык нормалардын аткарылышы шарт",- деп белгиледи ал.

Учурда Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 192 конок үйү, 19 балдар лагери, 13 хостел, 12 эс алуу борбору жана 3 реабилитациялык борбор бар.



Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-sanitardyk-gigienalyk-normalardy-saktabagan-subektter-zhazalanat



Добавить комментарий