Ысык-Көлдө форма кийген айымдар кол күрөштүрүп, автоматты чачып чогултуу боюнча күч сынашты
Ысык-Көлдө күч түзүмдөрүнүн айымдары спорттук мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык Ички Иштер кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
Эл аралык аялдардын күнүнө карата Ысык-Көл облусу боюнча мамлекеттик чек ара кызматынын жана Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыктарынын базасында аймактын күч түзүмдөрүнүн айым кызматкерлери арасында жалпы командалык спорттук мелдеш болуп өттү.
Беш курама командаларынын погончон айымдары эстафета, кол күрөш, аркан тартыш, «Калашников» автоматын чечип чогултуу жана волейбол спорт түрлөрү боюнча күч сынашып, көрүчүлөрдүн купулуна толушту. Эки күндүк таймашта, күч түзүмдөрүнүн айым кызматкерлери дене тарбия боюнча мыкты даярдыктарын көрсөтүшүп, Мекенин коргоодо жана сактоодо эркек кесиптештери менен бирдикте үлгүлүү кызмат өтөп жатышкандыгын, өздөрүнүн майрам алдында дагы бир жолу далилдей алышты. Мелдештин жүрүшүндө жеӊиштин таразасы улам бир курма командага ооп, акыры ийгиликтин жолу Ысык-Көл областтык милициянын айымдарына туш болду.
Алар, атандаштары мамлекеттик чек ара кызматынын айымдарынын курама командасынан бир упайга алдыга чыгып, жалпы командалык биринчи орунга татыктууболо алышты. Ал эми, 3 байгелүү орунга өзгөчө кырдаал министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын айым кызматкерлери ээ болушту.
Мелдештин акырында жеӊиүчүүлөргө жана бейгелүү орундарга жетише алышкан курама командаларга дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылып, мамлекеттик чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүнүн жоокерлери тарабынан даярдалган чакан концерттик программасы тартууланды.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kch-tzmdrnn-ajymdary-sporttuk-meldesh-tkrsht
Добавить комментарий ×