Ысык-Көлдө каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүн иликтөөгө атайын тергөө тобу түзүлдү

9 август 2023 17:21 1564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилей кетсек, 6-августа Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бардык зарыл териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Каза тапкан жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда экспертизанын расмий корутундусу чыга элек.

Орун алган окуяны ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн. Аталган тобунун курамына облустук милициянын борбордук аппаратынын тергөө жана ыкчам кызматтарында көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлери кирди. Алар тараптан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында болгон окуянын башка күбөлөрүн аныктоо, ошондой эле аларды сурамжылоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда облустук жана райондук милиция тарабынан бул окуяны толук жана ар тараптуу текшерүү үчүн бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшү ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл ОИИБде атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлдү”, -деп айтылат маалыматта.                                            

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kaza-bolgon-23-zhashtagy-zhigittin-lmn-iliktg-atajyn-terg-tobu-tzld



Добавить комментарий