Эртең Кыргызстан боюнча аба ырайы кандай болот?

30 март 2020 15:13 760 Barometr
Бөлүшүү:
ok

31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-апрелде күндүз, 2-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 2-апрелде күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-апрелде күндүз жана 4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kar-zhaajt-zhaan-chachyn-bashka-ajmaktarda-ktlt



Добавить комментарий