Ысык-Көлдө "Банан" кайыкта сейилдеп жаткан 12 жаштагы бала каза болду
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Мүрөк пансионатында “Банан” үйлөнмө кайыгында болгон кырсыктан 12 жаштагы өспүрүм ажал тапты.
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык көпчүлүк болуп көңүл ачып жаткан топтогу 12 жашар бала кайыкты тартып бараткан катердин моторуна урунган. Кырсыкка катердин чукул бурулганы себеп болгон. Окуя кечээ түшкү сааттарда катталган.
Бала дароо Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай жатып жан берген. Бала үй-бүлөсү менен көпчүлүк эс алуучу жеке сектордо эс алганы айтылууда.
“Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча Мамлекеттик экотехинспекция текшерүү жүргүзүп жатат. Анын корутундусунун негизинде жоопкерчилик боюнча чечим кабыл алынат”, - деп айтылат ОИИБнын билдирүүсүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-banan-kajykta-sejildep-zhatkan-12-zhashtagy-bala-kaza-boldu
Добавить комментарий ×