Ысык-Кѳл облусунда жакшы саамалык уланууда

26 декабрь 2019 09:38 1102 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Кѳл облусунда жакшы саамалык уланууда. Тоң районунда №38 Өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ишке берилди Бөлүктө 2 даана ѳрт ѳчүрүүчү автоунаа жана 1 даана авариялык куткаруу автоунаасы тийиштүү шаймандары менен жайгашкан. Курулуш иштерине жалпы 1 740 200 сом каржыланды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов, КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Иш-чара бүгүн, 25-декабрь күнү болуп өтү. 

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 13-декабрь күнү Ош шаарында № 29, 24-декабрь күнү Талас облусунун Манас районундагы №100 өрт-куткаруу бөлүктөрү, ошондой эле Бишкек-Ош автоунаа жолунун 154-чакырымындагы куткаруу бөлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт-куткаруу бөлүктөрүн жанылоо менен, авариялык-куткаруу иштеринин ыкчамдыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunda-zhakshy-saamalyk-ulanuuda



Добавить комментарий