Ысык-Кѳл облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

9 октябрь 2019 11:04 1078 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

9-октябрь күнү саат 03:49да Казакстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Кыргыз Республиканын Сейсмология институтунун маалымдады. Маалыматка ылайык  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин жер силкинген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunda-3ballga-zhetkenzher-titir-kattaldy



Добавить комментарий