Ысык-Көл облусу жарыксыз калды

9 апрель 2020 13:31 917 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 9-апрелде Ысык-Көл облусунда жарык өчтү. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы билдирди.

Ага ылайык, саат 11:20да болгон катуу шамалдан улам "Ысык-Көл" подстанциясында авариялык өчүрүү болуп, Ысык-Көл облусу жарыксыз калган. Учурда авариялык бригада келтирилген ыңгайсыздыкты жоюуга аракет кылып жатат.

Саат 11:40та "Ысык-Көл" менен "Тамга" подстанциялары кайтадан ишке кирген. Мекеме толук маалымат кийин берилет деп ишендирди.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusu-zharyksyz-kaldy



Добавить комментарий