Ысык-Атада абактан качып кеткен кылмышкерге көмөктөшкөнгө шектелип эки милиция кармалды

6 июнь 2023 17:46 528 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Атадагы убактылуу кармоочу жайдан оор кылмыштарга шектелип, кармалып турган кылмышкердин качып кетишине көмөктөшкөн деген айып менен милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан шалаакылыкка жол берилген деген айып менен милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. 

“Ысык-Ата районунун УКЖнан айыпталуучунун качуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду. 2023-жылдын 5-июнунда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата районунун ИИБнин убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери Ж.Т.К. жана милиционери Д.Б.К. кызмат абалдарынан пайдаланышып, райондук соттук кароосундагы адамды уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракеттенүү фактылары боюнча өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталган айыпталуучу “С.К.Т.”ны белгисиз тарапка качып кетүүсүнө көмөктөшүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган райондун ИИБнүн убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери “Ж.Т.К.” жана милиционери “Д.Б.К.” шектүү катары кармалып, камакка алынган. Учурда иш боюнча тергөө амалдары улантылып, анын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-abaktan-kachyp-ketken-kylmyshkerge-kmktshkng-shektelip-eki-miliciya-karmaldy



Добавить комментарий