Ыссык-Көлгө эс алууга дагы 200 медицина кызматкерлери жөнөтүлдү (сүрөт)

25 август 2020 14:39 1365 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдети менен күрөшүүдө өз коопсуздугун ойлобой, эл үчүн талыкпай иштеген медицина кызматкерлеринин тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-августта Нарын, Ысык-Көл жана Бишкектен 200 ак халатчан эс алууга Ысык-Көлгө жөнөп кеткен. Алар "Алтын жай" пансионатында жарандарыбыздын ден соолугу үчүн көзгө көрүнбөгөн душман менен болгон узак күрөштөн кийин 7 күн бою эс алышып, ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.

"Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/yssyk-klg-es-aluuga-dagy-200-medicina-kyzmatkerleri-zhntld-srt



Добавить комментарий