Ырыс Жоомартова: «Бирөөнүн күйөөсүн бузуп алган» деген ушактарга жооп...

28 июль 2021 10:11 1550 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Режиссер Ырыс Жоомартова жолдошу экөө баш кошконуна 31 жыл толгонун, өмүрлүк жары экөө турмуштун сыноолорунан татыктуу өтүп жашап келе жатышканын социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” билдирет.

“Жакшы адам менен жаркылдап жашап жаткан кез. Ооба, турмушта аябай сыноолор болду, бирок биз туруштук берип келе жатабыз. «Кыз-жигит» болуп сүйлөшүп жүргөн кездерде, мени «аркалык», жолдошумду «Оштук» деп көпчүлүгү каршы болгон күндөр артта калды. Ошол сөздөргө көңүл бурбай, үй-бүлө куруп, уул-кызыбызга татыктуу тарбия берип келе жатабыз. Мага иштегенге мүмкүнчүлүк берип, сүйгөн кесибим менен кенен алектенгенге жардамын берип келе жатат. Өзү момун, көп сүйлөбөйт, бирок көз карашы менен көп нерсени түшүнөм, менин тилим сайрайт, ал бир гана «взгляд» менен бардыгын ордуна коет. «Бирөөнүн күйөөсүн бузуп алган» деген ушактарга жооп, биз 31 жыл чогуубуз”,-деп жазды режиссер айым.

Эскерте кетсек, Ырыс Жоомартова коомчулукка актриса, режиссер катары эле эмес психолог жана бизнес леди катары да таанылып келет. Бир нече тасмалардын режиссеру.

Ссылка: https://barometr.kg/yrys-zhoomartova-birnn-kjsn-buzup-algan-degen-ushaktarga-zhoop



Добавить комментарий