Ырчы Жайнагүл Тентиева: "Эгерде чындап сүйүп калсам жолдошум үчүн кесибимди ташташым мүмкүн, бирок..."
Жаш ырчылардын катарын толуктаган ырчы Жайнагүл Тентиева алдыдагы пландары жана жеке жашоосундагы жаңылыктары менен Barometr.kg сайтына берген интервьюсунда бөлүштү.
-Саламатсызбы Жайнагүл, алгач эле өзүңүз тууралуу, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
-Мен өзүм Оштун Кара-Кулжасынан болом, ата-энем Кара-Кулжада турат. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 3 кыз 2 уул. Мен кыздардан кичинекейимин менден кийин иним бар.
-Азыркы учурда репертуарыңызда канча ыр бар?
-Азыр менде 16 ыр бар ал эми клиптерден 7 клибим бар. Буюрса жакында дагы “Ата-эне” деген ырыма клип тартайын деп ошонун үстүндө иштеп жатам. Бишкеке атайын чыгармачылыгым үчүн келип студияларда иштеп жаткан учурум.
-Ош шаарында турасызбы?
-Ооба, Ошто турам. Жакында өзүмдүн эски үйүмдү сатып жаңы салынып жаткан үйлөрдөн батир сатып алдым. Учурда ал жакта оңдоо иштери жүрүп жатат. Буюрса баары даяр болгондо көчүп өтөм деп турам.
-Ак өргөлүү болуптурсуз, куттуктайбыз! Үйдү чыгармачылыгыңыздын жардамы менен алдыңызбы же жакындарыңыздын жардамы мененби?
-Чынын айтсам жакындарым да жардам беришти, жумушум да жардам берди, эски үйүмдү да саттым.
-Сиз ырчылыктан башка да кесип менен алектенесизби?
-Мен өзү эң алгач 2006-жылы бий тобунда бийлечүмүн, андан кийин 2012-жылдан тарта өзүмдүн жеке бий тобумду ачтым. Ал бий тобу бүгүнкү кундө дагы таркап кетпестен иштеп жатат. Ал эми ыр дүйнөсүнө 2015-2016-жылдары келгем. Андан башка жеке бизнесим деле жок.
-Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар бар?
-Жеке жашоомдо тынч эле, азырынча чыгармачылык менен гана алектенүүдөмүн. Жаңы ырларды, жаңы клиптерди жаратуунун үстүндө иштеп жатам.
-Ырдап баштаган күндөн тарта сахнада болгон кызыктуу учурларыңыз болду беле? Балким кийимиңизди унутуп калып же адашып кетип...
-Андай учурлар чындыгында көп эле болот. Негизи андай учурларда аябай жинденесиң анан убакыт өткөн сайын ошол окуяны күлүп эстейсиң да. Менде деле болуп турат, мисалы бир жолу кийимдерибиздин баарын Ошко таштап коюп өзүбүз башка районго кетип калган учурлар болгон.
Кыргыз эстрадасында кимдерди мыкты деп айта аласыз?
-Мен кичинекей кезимден тарта Айжамал Кабылова менен Мирбек Атабековдун күйөрманымын.
-Сахналаш кесиптештериңиз менен таарынышып кеткен учурлар болду беле?
-Жоок менде андай болгон эмес. Ырдап баштаганыма 5-6 жыл юолуп калды, баары менен саламым түз. Бирөөгө капа болдум деп көңүлүмө жакын кабыл ала бербейм.
-Турмушка чыксаңыз жолдошуңуз ырдабайсың деп шарт койсо эмне кылат элеңиз?
-Эгерде чындап эле бири-бирибизди жакшы көрүп калсак анда балким ташташым деле мүмкүн, бирок менин оюмча сүйгөн адам мени менен кошо жумушумду да жакшы көрүшү керек деп ойлойм. Бирок баарибир алдын ала бир нерсе деш кыйын, убакыт көрсөтөт.
Маегиңизге чоң рахмат!
Добавить комментарий ×