Ырчы Самара Каримова кытай тилинде ырдап чыкты: "Тилим сынып калайын деди" (видео)
Ырчы, актриса, көп кырдуу таланттын ээси Самара Каримова кытай тилинде жаңы ыр жаздырды. Ырчы бул тууралуу кененирээк Barometr.kg сайтына берген маегинде айтып берди.
-Саламатсызбы Самара, куттуктайбыз! Кытай тилинде ыр жаздыруу идеясы кимге таандык?
- Чоң рахмат. Көптөн бери кытай тилинде ырдагым келип жүргөн, анткени чоң иш-чаралар болуп калганда кээде ар кандай тилде ырдаш керек болуп калат.
-Ырды көпчүлүгү түшүнбөй кыйналат болушу керек, которулганда кандай маанини берет экен?
- Сөздөрүн которуп келгенде “Жолугушалы” маанини берет экен. Биз буга бир өзгөртүү кылып Кыргызстан деген сөз кошуп койдук. Ошондо “Кыргызстанда жолугалы” деген жакшы мааниде болуп калды.
-Кытай тилинде ырдоо оңойго турбаса керек, канча убакытта жаздырып бүттүңүз?
- Чындыгында оңойго турган жок. Тилим сынып калайын деп кыйналып жатып ырдап жаздырдым. Жалпысынан узагы менен 2 айдай убакыт кетти. Бул аралыкта күндө даярдандым, бир топ кыйын деген котормочулар менен иштештим. Ырдаганда сөздордү туура эмес айтып албайын деп кытай тилин жакшы билген адамдардан жардам сурадым. Аларга да рахмат айтам. Ырдап бүткөндөн кийин кытайларга, кытай тилин мыкты билгендерге угузсак баары жакшы ырдаптырсың, кытай кыздай эле ырдаптырсың дешти. Сүйүнүп калдык.
-Аталган чыгарманын сөзүн, обонун атайын жаздырдыңызбы?
- Жок, бул кытай элинин эски ырларынын бири экен. Мен көпкө ойлонуп отуруп, алардын жалпы калкына таанымал болгон ырды издедим. Анткени бирөө билсе бирөө билбеген обондор да көп болгон сыяктуу эле, биздин деле эзелтен элдин жүрөгүнө сиңип калган ырлар бар эмеспи. Сурап отуруп дал ушул “Жолугушалы” чыгармасы Кытайда өтө атактуу экенин билдик. 1998-жылы ырдалган ыр экен.
-Ырга клип да тартайын деген ниеттериңиз барбы?
- Чыгарманы азырынча ютубтагы каналыма анан инстаграм баракчама салдым. Клип тартууну пландай элекмин. Бирок эгерде чындап жакшы кабыл алынып кетсе клип тартып коюу да оюмда бар.
-Репертуарыңызда мындан башка улуттардын ырлары да бир топ болуп калган чыгаар дагы кайсы тилдерде ырдайын деп жатасыз?
- Негизи менин репертуарымда башка улуттун ырларынын жалпы саны онго жакындап калды. Кытай тилинде дагы тоолор тууралуу дагы бир ырдын үстүндө иштеп жатам. Орозо айында жаңы ырлар жаңы концерттердин үстүндө иштеп жатам. Азырынча убада бербей турайын, бирок буюрса ишке ашып калса өзбек тилинде да ырдоо пландарым бар. Өткөндө Өзбекстанга барганда да жылуу тосуп алышып телеканалдарына конокко чакырышты. Абдан ыраазы болдум.
-Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Мен чыгармачылыгымды бир гана Кыргызстанда гана эмес башка өлкөлөргө да башка улуттун өкүлдөрүнө да тааныткым келет. Анткени чыгармачылык улут тандабайт. Алдыда уйгурча, түркчө, татарча, түрмөн тилинде, казакча, өзбекче ырлар чыгат.
Маегиңизге чоң рахмат!
Чындыгында Самара Каримованын жаңы кытай тилиндеги ырын кыска убакыттын ичинде бир топ көрүүчүлөр көрүп “мыкты аткаруу” деген баа беришүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-samara-karimova-kytaj-tilinde-yrdap-chykty-tilim-synyp-kalajyn-dedi-video
Добавить комментарий ×