Ырчы Нуркыз Кожонова клипмейкерге акча бербей койдубу же Эрнис Сыдыков клипти 11 ай өтсө да бүтпөй койдубу?
Ырчылар чыгармачылыктыктын чоң жолуна аттанган күндөн тарта өздөрүн калкка таанытуу үчүн аракет көрүшөт. Аларга мындай учурда байма-бай телеканалдардан чыгып турган клиптер жардам берет. Ал эми клиптерди тартуу үчүн ырчылардын клипмейкерлерге иши түшөт. Албетте клипмейкерлердин жумушу акча менен бааланат. Ырчы Нуркыз Кожонова менен клипмейкер Эрнис Сыдыковдун ортосундагы пикир келишпестик көпчүлүккө ачыкталды. Бул тууралуу Кожонова өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
"Курсагыма эмес - кадырыма ыйлайм деген кеп ушул экенда. Эрнис: "Мен клипти мурда эле бүтүргөм Нуркыз акчасын бербегендиктен бергенде аласың дегениң эмнеси? Эрнис. Мен сага өзүм колуңа июнь айында бердим эле го. Мен акчаны бербей туруп клип тарттырган эмесмин ушул убакка чейин. Менин характеримди билесиң тарс-турс жумушумду бүтүргөн кызмын, эзилбейм. Анан да башкалардан ошентип көнүп калса керек дегениң эмнеси. Аллахтан коркчу кичине. Качан мен клиптин акчасын бербедим? Балким июнь айында албадым кайра бер дээрсиң. Анан да бир жерлерин оңдойлу тарталыбы десем макул эртең кечинде деп мени мазактагансып ана-мына деп Таиландка кетип калдың тарта турган күнү, ага да унчукпадым, канча артыңан чуркаттың телефонуңду албай, смс жазсам жооп бербей журдүң. Айлам кеткенде үйүңдү издеп таап барсам үйүңө келбей койдуң түнкү саат 2ге чейин отургам. Ошол күнү көрсө Таиландка учмак экенсин. Макул убактың жок болуп жатса проекти бер, башка жактан жасатып алайын десем дагы сенден жооп ала албадым. Акыры бүтүрдүм дедиң анда да техникалык катачылык кеткенден оңдоп берчи деп сурандым. Анда мени "черный списокко" киргизип салдың. Сенин ордуңда бирөө болсо "кечир мен байкабай калыпмын оңдоп берем" деген сөзүңдү укпадым. Же буларды дагы калп дээрсиң. Акыркы бийчилер менен тартылган студияда светке акча дегенде мен сага айттым "Сен клипти колума тапшыр акырына чейин бүтүр анан светтин акчасын берем" дегем. Же ошол светтин болбогур акчасын бербейт дедиңби? Ошончо жакка силерди алып барып келип. Мен кантип светтин акчасын төлөбөй коём. Өзүң ойлоп көр. Бирок клиптин акчасын 11 ай мурун эле бергем. Мен жоопкерчиликти мойнума алганым үчүн Аман-эсен барып тынч алып барып тынч алып келейин деп ичимен кыжаалат болуп эмне жакпай калат эми кайсы тамагым жакпай калат экен ушуларга деп ичимен көөп ойлонуп жүрүп тынч келдик. Нааразычылык жок жакшы келгенбиз. Ошол Сапарда жакшы күндөрдү өткөрүп жылуу жакшы мамиледе жүрдү. Дагы деле жакшы бир жери мени кара тизмеге киргизсең да кайра чалдым жиниң тарадыбы эми десем дагы албай койдуң. Смс да жаздым жооп жок. Ошондо айлам кеткенде ачык айттым баарын ыза болуп. Мейли 11 ай эмес 1 жылда бүт, бирок чалып ситуацияны айтып койсоң мен түшүнмөкмүн. Ансыз деле түшүнүп эле келбедимби", -деп ырчы Эрнис Сыдыковго болгон капачылыгын билдирди.
Эске салсак, ырчы буга чейин да "жакында, жакында деп жатып кино тартып бүтмөй болдук" деп айтканы бар эле. Нуркыз Кожонова аталган клипти "Жанымай" ырына тарттырган.
Добавить комментарий ×