Ырчы Фарида Карбосова: "Жигитим бар, аябай балалуу болгум келип жүрөт"

25 апрель 2019 13:43 8453 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Фарида Карбосова өздүк баракчасына балалуу болгум келет деген кыялы менен бөлүштү.

Карбосова баракчасына:

"Бала жыты - бакыттын, бейиштин жыты деп бекеринен айтпасак керек. Мына ушул бакыттын жыпарына мас болуп, жалган дүйнөнү бейишке айлантып жашаган ар бир пенде бактылуу. Ырдасам божурап кошо ырдап, бийлесем мойтойуп кошо бийлеп, чарчап келсем бажырайып тосуп алган наристелуу болуу бактысын жараткан мага да насип этишин тилейм. Кыялдар орундалсын", -деп бөлүштү.

Ырчынын күйөрмандары той качан? деген суроолор менен баш катырууга өтүштү.

Бул суроолорго Фарида Карбосова Barometr.kg сайтына берген маегинде жооп берди.

-Саламатсызбы Фарида, акыркы жазган постуңуз чындыгында көпчүлүктү ойго салды окшойт...

-Ооба туура айттыңар, көп адамдардын мындай реакциясын күткөн эмес элем. Мен өзү абдан балага жакын адаммын, курбуларымдын, кесиптештеримдин балдарын да аябай жакшы көрөм. Чынын айтсам 2-3 жылдан бери ушунчалык балалуу болгум келип жүрөт. Быйыл же эмдиги жылы деп турам эми Кудайым буйруса.

-Кудай кут кылсын. Демек жакында той экен да?

-Ооба, быйыл планда бар. Бирок бир чети айтпай турганым оң го, анткени кокус бир нерсе болуп кетсе, же турмушка чыкпай кала турган болсом элдер "эмнеге былтыр турмушка чыгам деп тийбей койдуң? эмнеге калп айттың?" деген сыяктуу суроолорду бере башташы мүмкүн. Андыктан азырынча Кудай буйруса деп турам.

-Андай болсо анда учурда жүрөгүңүздүн ээси барбы деген суроону бергибиз келип турат?

-Азыр жигитим бар. Кичинекей бала менен түшкөн сүрөттү да атайын ырымдап, жакшылыктар болсун деп түшкөм.

-Сиз ырымга ишенесизби?

-Ооба, мен аябай ырымчыл адаммын деп айта алам. Анткени көп учурда ушундай мурдатан келе жаткан ырымдарды көп колдонуп калам.

-Маегиңизге чоң рахмат!


Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-farida-karbosova-zhigitim-bar-ayabaj-balaluu-bolgum-kelip-zhrt



Добавить комментарий