Ырчы Данияр Эрматовдун авто унаасын талкалап кетишти
Бөлүшүү:
Кечээ түнү ырчы Данияр Эрматовдун авто унаасынын терезесин белгисиз адамдар талкалап кетишкен. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына ишенимдүү булактар кабарлашты.
Күбөнүн маалыматына караганда 13-майдан 14-майга караган түнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринде Өзгөн өнөрпоздору чогулуп кезектеги шеринесин өткөрүп ооз ачышкан. Кийин кетип баратышып ырчы Данияр Эрматовдун унаасынын терезелери белгисиз адамдар тарабынан талкаланганын көрүшкөн.
Аталган жагдай тууралуу ырчы өзү комментирий бере элек.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-daniyar-ermatovdun-avto-unaasyn-talkalap-ketishti
Добавить комментарий ×