Видео. Ырчы Бек Борбиев кезектеги жаңы чыгармасын жарыкка чыгарды
Бөлүшүү:
Ырчы Бек Борбиев кезектеги жаңы чыгармасын жарыкка чыгарды. Бул туурасында ырчы өзү социалдык баракчаларынын бирине ырдан үзүндү видеосун жүктөдү. Чыгарманын мааниси үй-бүлөгө, жубайына арналганын угууга болот. Жаш кезде көпчүлүгү кыздарга арнап жазган ырлары, эми үй-бүлөлүк сүйүү чыгармаларына айланды окшобойбу, айтор акыркы убактарда Бек байкебиз жубайына арнап чыгармаларды жарата баштады. Эмне дейбиз, чыгармачылык ийгилик!
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-bek-borbiev-kezektegi-zhay-chygarmasyn-zharykka-chygardy
Добавить комментарий ×