Ырчы Азиз Батыров коронавирустан айыкты
Ырчы Азиз Батыров коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирет.
Ырчы, комузчу Азиз Батыров 16-июнь түнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы ооруканага оор абалында түшкөн.
Кечээ, 30-июлда ал ооруну жеңип Кара-Суу ооруканасынан үйүнө чыгарылды.
«Ассолому алейкум урматтуу жалпы Кыргызтандыктар, кең пейил жакшы элим. Сиздердин ак батаңыздар тийип мен сакайып бул аты жаман ооруну жеңип чыктым. Аллахыма чексиз шүгүр сиздердей элдин уулу болгонум үчүн. Жакын туугандарым, досторум, күйөрмандарым, ага-ини мекендештерим, Кара-Суулук жердештерим сиздерди кыжалат кылганым үчүн чоң өкүнүчтөмүн. Менин ден-соолугумду ойлонуп кыжаалат болуп күйүнгөн жакындарыма терең ыраазычылык билдиремин. Учурдан пайдаланып мени аябай жакшы караган дарыгерлер жана мед айым эжекелерге таазим кыламын. Эч качан жамандык көрбөңүздөр, эки дүйнө бактылуу болуңуздар. Оор абалдагы кезимде ошол күнү мага чоң жардам көрсөтүшкөн жердештериме ыраазычылык билдиремин. Ылайым тоюңарда кызмат кылайын. Балдарыңардын бакытын көрүңүздөр, эки дүйнө жамандык көрбөңүздөр. Мындай ооруну душманымада каалабаймын, эч ким оорубасын бул оорудан эртээрек кутулуп, мурунку бейпил турмушубуз кайтып келсин. Баарыңыздарга чоң рахмат жүрөгү деңиз элим», - деп жазган ырчы.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-aziz-batyrov-koronavirustan-ajykty
Добавить комментарий ×