Ырчы Анжелика жаңы жылды кыздары менен Дубайдан тосот

30 декабрь 2020 12:55 6564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратова жаңы жылды кыздары менен бирге ден соолугуна кам көрүп, Дубайдан тосот. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ырчы кыздары менен жаңы жылды Дубайдан тосуу үчүн бүгүн, 30-декабрда таңга маал учуп кетти.

“Кутман таң!

Бизге ак жол. Бир нече сааттан соң стористен көрүшкөнчө”, - деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, буга чейин, Анжеликанын аткаруусундагы “Жашоо керемет” аттуу ырдын автору Марат Алыбаевдин кызы ырчыдан аталган чыгарма үчүн 20 000 доллар сураганы маалым болгон. Бирок, ырчы кыз акындын кызы сураган акчаны бере албастыгын айтып, аталган ырды ырдоодон баш тарткан. Кийинчерек, Анжеликанын ден соолугу кескин начарлап, тез жардам чакыртканы маалым болгон.  

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-zhay-zhyldy-kyzdary-menen-dubajdan-tosot



Добавить комментарий