Ырчы Анжелика: Абалым начарлап, башым айланып кулап калдым

20 январь 2021 16:48 8234 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратовна абалы начарлап башы айланып кулап калганын айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Дарыгерлердин төшөктөн турбай, жатып дарылан деген сөзүн укпай иштеп жүрө берип, тепкичтен кулап кеттим. Эми сөзсүз жатып дарыланам. Башыман катуу сокку алып калдым окшойт.

Ооруканаларга өпкөмдү тарттырганы барсам узун кезек күткөн элдер. Эч ким эреже сактабай, маска тагынбай эле жүрүшөт. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, мед айымды үйгө чакырып алып, асма укол алган туура болот окшойт. Ансыз да ооруканада орундар, дарыгерлер жетишпей жатат”, - деди ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-abalym-nacharlap-bashym-ajlanyp-kulap-kaldym



Добавить комментарий