Ырчы Алтынай Жайнакова: "Сүйгөнүм МАИ кызматкери, мени тебенегим деп эркелетет"

11 июнь 2019 17:37 6187 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз шоу бизнесине ырларынан да мурда МАИ кызматкерлери менен болгон чырынан кийин бир топ таанымал болуп көпкө чейин талкууга алынган ырчы, журналист Алтынай Жайнакова жүрөгүмдүн ээсин таптым деп жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Бирок ырчы айым ал мырзанын ким экенин азырынча сыр сактап турууну туура көрдүм дейт.

“Жашоодо болгон нерсенин баары “жакшылыкка” деген сөздө калет жок! Жүрөгүмдү багындырган мырза ГАИ (МАИ) кызматкери. Тебенчегим деп гана эркелетип турат, жаным”, -деген Жайнакова жакында жакшы жаңылыктары менен бөлүшөөрүн билдирди.

Бул тууралуу тактоо үчүн Barometr.kg сайты ырчы менен байланышканыбызда ал:

“Жакында жакшы жаңылыгым бар. Кудай буюрса июндун соңунда сиздер менен бөлүшөм”, -деп кубанып турганын билдирди.

Эске салсак, Алтынай Жайнакова жол эрежесин көзөмөлдөө учурунда токтоткон МАИ кызматкерлери менен пикир келишпестикке кабылып, ал окуя болгон жерде кызматкерлердин бирин тээп жиберген. Аталган окуядан кийин ырчы кечирим сураган.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-altynaj-zhajnakova-sjgnm-mai-kyzmatkeri-meni-tebenegim-dep-erkeletet



Добавить комментарий