Ырчы Айпери Кубик кызынын кайсы "негр" ырчы менен мамилеси бар?
Ырчы Айпери Кубик кызы Хосе Агроманте менен аткарган "Дани" аттуу ыры жана клиби жарык көргөндө катуу сынга кабылган эле. Кеп клиптин начар чыкканында эмес же болбосо ырдын маанисиз чыкканында эмес ал учурда кеп Айперинин чет өлкөлүк жигиттер менен ырдаганында болгон. Көпчүлүк Кубик кызынын Хосе менен жакын мамилеси бар деп да сүйлөп чыгууга жетишкен.
Айтылган ушактардын, сын-пикирлердин көпкө чейин уланышына Айперинин клип чыккандан кийин эле турмушка чыгышы болгон. Анткени ырчы турмушка чыкканда жолдошунун элге көрсөтпөй сыр сактоону туура көргөн. Ага кошумча эки жаш чакан тоюн чет өлкөдөн өткөрүшкөн. Аталган фактылардан кийин ырчынын күйөрмандары күйөөсү чет өлкөлүк жигит экенин толук ишеним менен айта башташкан. Бирок Айпери баарына чек коюп жолдошу Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сүлүктү шаарынан болоорун айткан.
Бирок ырчы ошентсе да ушак сөздөр бүгүнкү күнгө чейин ээрчип жүргөнүн айтты.
"Хосе экөөбүздүн "Дани" аттуу клипибиз чыкканда укмуштуудай ушак сөздөр ээрчиди эле. Катуу ызы-чуу болду. Ар бир ушакты угуп, ар бир комментарийди окуп аябай башкача болгонбуз. Азыркыга чейин сөздөр болуп келетат. Кантсе да мага ушул ыр мага аябай жагат! Буюрса дагы кайталайт окшойбуз", -деди элдин пикирлерине таң калган ырчы.
Ошентсе да көпчүлүк "эмне үчүн негр?" деген суроолорун бергенди улантышууда. Ал эми ырчы өзү мунун баарын көрө албастык деп гана жоруду.
А сиздин пикириңиз кандай?
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajperi-kubik-kyzynyn-kajsy-negr-yrchy-menen-mamilesi-bar
Добавить комментарий ×