Ырчы Айчүрөк Иманалиеванын уулу каза болду
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ырчы Айчүрөк Иманалиеванын уулу каза болду. Бул тууралуу ырчынын кесиптештеринин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, ырчы Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу Арген 33 жашында каза болду.
Арген белгилүү балетмейстер Такен Шаршеевдин уулу.
"Барометрдин" жамааты Айчүрөк Иманалиевага жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajchrk-imanalievanyn-uulu-kaza-boldu
Добавить комментарий ×