Ыктыярчы кыз Адинай Мырзыбекованын жакындарына 1 млн сом берилди
Бишкек шаарында коронавирус күч алып турганда стационарда ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекованын жакындарына бир миллион сом компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ошону менен катары эле, коронавирус жуктуруп алып, алты айдан бери оор абалда жаткан Ноокаттык дарыгер Мукарам Ураимовага да 200 миң сом акча бөлүнгөнү кошумчаланды.
Эске сала кетсек, ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекова 13-июль күнү Бишкектеги стационарлардын биринде жумуш учурунда көз жумган. Ал болгону 21 жашта эле.
Жаш ыктыярчынын аты Бишкек шаарындагы жаңы салынган сейил бакка ыйгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/yktyyarchy-kyz-adinaj-myrzybekovanyn-zhakyndaryna-1-mln-som-berildi
Добавить комментарий ×