Япониянын өкмөтү толук курамда отставкага кетти

4 октябрь 2021 09:37 1016 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башында премьер-министр Есихидэ Суга турган Япониянын өкмөтү толук курамда отставкага кетти. Бул тууралуу Кyodonews булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, буга чейин сентябрдын башында Есихидэ Суга партиянын башчысы катары өзүнүн талапкерлигин өкмөт башчылыгына койбой турганын билдирген. Өткөн шаршембиде болгон партиялык шайлоодо 2012-2017-жылдарда Тышкы иштер министри болуп иштеген Фумио Кисида жеңишке жетишкен.   

Бүгүн, 4-октябрда Япониянын парламентининин эки палатасы тең өкмөт башчынын талапкердигине добуш беришет, ал андан соң министрлер кабинетине министрлерди тандап алат. Фумио Кисида бүгүн жаңы өкмөттү түзүүгө ниеттенип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyanyn-kmt-toluk-kuramda-otstavkaga-ketti



Добавить комментарий