Япониялык темир жол компаниясы 25 секунддук график бузуу үчүн коомчулуктан кечирим сурады

26 февраль 2019 20:01 2743 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Батыш Япониялык темир жол компаниясы өз карамагындагы поезд белгиленген графиктен 25 секунда мурда станциядан жылып кеткендиги үчүн расмий түрдө коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу аталган компания тараткан пресс-релизде белгиленген.

Компаниянын экспресс-поезддин Нотогава станциясынан жүрүп кетүү убактысы эртең мененки саат 07:12ге пландалган болсо, 07:11:35 убакытта жылып кеткен.

Маалыматта айтылгандай, поездди коштоп жүрүүчү кызматкер калпыстан мезгилинен мурда поезддин эшигин жаап, ал убактысынан мурда жылып кеткен.

 Бул каталык ошол күндөгү башка поезддердин иш тартибине кедергисин тийгизбегени менен бир киши поездге жетише албай калган.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyalyk-temir-zhol-kompaniyasy-25-sekundduk-grafik-buzuu-chn-koomchuluktan-kechirim-surady



Добавить комментарий