Япониядагы катуу жер титирөөдөн 500дөн ашуун үйлөр урап, каза болгондор да бар

11 май 2023 15:10 2245 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Япониядагы жер титирөөдөн 540ка жакын турак жай жараксыз абалга келген. Бул тууралуу The Japan Times басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр”  билдирет. 

Маалым болгондой, Япониянын Исикава аймагында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. 

Дагы 250 үй авариялык абалда. Жергиликтүү бийлик келтирилген зыянды эсептеп жатат. 

Калыбына келтирүү иштери пландаштырылган.  
Катаклизмдин кесепетинен бир адам каза болуп, 34ү жаракат алган.   

Жер титирөөнүн очогу Ното жарым аралында болуп, очогу 12 чакырымдай тереңдикте болгон.   

Пресс-конференцияда министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацуно өкмөт жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн иштеп жатканын билдирген.      
«Биз келтирилген зыянды эсептөөнү улантабыз жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташтыкта өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз», - деди Мацуно.     

Аймак эки жылдан ашык убакыттан бери сейсмикалык активдүүлүктөн жабыркап жатканын эске алып, өкмөт керектүү чараларды көрүү жагын карай турганы белгиленген.      

Сейсмологдор дагы катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертишти.     

Ошондой эле, жер титрөө болгон аймактардагы
атомдук электр станциялар эч кандай зыянга учурабаганы маалымдалды.      

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyadagy-katuu-zher-titirdn-500dn-ashuun-jlr-urap-kaza-bolgondor-da-bar



Добавить комментарий