Японияда 20 гектар аятты ээлеген глициния гүл ачты

17 май 2019 13:47 5608 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2014-жылы CNN телекомпаниясы сулуулугу жагынан саякаттоого боло турган 9 аймакты тандаса, алардын арасына 20,3 гектар аянтты ээлеген Асикага гүл паркы киргизилген.

Дүйнөгө белгилүү гүл бейишине атактуулукту апрель айында гүлдөгөн глициния дарагы алып келген.

Аны көрүүгө Япониянын Тотиги префектурасына 1 миллионго жакын турист келет.

Эстетикалык ырахат тартуулаган Глициния мынчалык көп өскөн дүйнөдө бир да жер жок.

Глициния – бийик субтропиктик көп жылдык дарак.

Фиолетовый, ак, кочкул кызыл, көгүш гүлдөрү кооз көпөлөктөрдү элесин берип, жагымдуу жыт чыгарат.

Асикага паркы 60, 80, 100 жылга чейин жашаган кооз глициниялары мен сыймыктанат. Бул өсүмдүк саламаттыктын, аялдык сулуулуктун, поэзиянын, жаштыктын символу болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-gliciniya-daragy-gl-achty-sluulugu-kz-zhoosun-alat



Добавить комментарий