Японияда 9 600 долларлык маскалар сатылууда
Японияда дизайнерлер эми коронавирустан коргонуучу бриллиант жана бермет менен кооздолгон маскаларды чыгара баштады. Бул тууралуу “Рейтер” агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” которду.
Япониялык дүкөндөр тармагы тургундардын көңүлүн көтөрүп, COVID-19 пандемиясында ансыз да алсырап турган мода индустриясын жандандыруу үчүн өз колу менен жасалган беткаптарды сата баштады.
Дүкөндүн ассортиментинде 0,7 караттык бриллиант жана 300дөн ашык Swarovski кристаллдары бар маскалар бар. Ошондой эле, 330 япон “Акоя берметинен” турган маскалар сатыкка чыгарылды. Люкс маскаларынын ар биринин баасы 9 600 долларга бааланды. Ошондой эле, 5 доллардан турган (болжол менен 420 сомдон) 200дөн ашык жөнөкөй коргоочу маскалар да сатылууда.
"Баардыгы коронавирустун айынан маанайы жоктой сезилет. Алар ушул жаркыраган маскаларды тагынып алып, жакшы сезимде, көңүлдүү жүрөт деп ойлойм", - деди компаниянын өкүлү Азуса Казитака.
Көпчүлүк кардарлар кымбат баалуу маскалар күнүмдүк колдонууга ылайыксыз болуп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
"Бул бир аз ыңгайсыз. Эгерде мен ушул бет каптарды тагынсам, күн сайын ушуга ылайыктуу кийимдерди кийишим керек экен", - деди 66 жаштагы Мицуэ Канеко.
Япон маскалары дүйнөдөгү эң кымбат маскалардын катарына деле кирбейт. Бул маска израилдик зергер тарабынан иштелип чыккан.
Буга чейин, индиялык ишкер алтындан жасалган коргоочу масканы тагынып жүрүп да, бирок, коронавируска чалдыгып, каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-9-600-dollarlyk-maskalar-satyluuda
Добавить комментарий ×