Япония 2022-жылдан тартып чет элдиктерди массалык түрдө жумушка кабыл алат

22 ноябрь 2021 09:29 1895 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Япония 2022-жылдан тартып чет элдик жумушчу күчүн жумуш орундарына пайдаланууну чечти. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин чиновниги билдиргенин чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

2019-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык жумушчулар иштей турган тармактарга 13 секторго бөлүнгөн. Алардын катарында айыл чарба, курулуш, санитария өңдүү тармактар бар.Эмгек мигранттары аталган жумуштарда иштеп өлкөдө беш жылга чейин жүрө алышат.Бирок алар үй-бүлө мүчөлөрүн ала барбашы керек.

Эскерте кетсек, Японияда иммиграция көп жылдар бою чектөөгө алынып келген. Анткени көчүлүгү этникалык бир бүтүндүктү колдошот. Бирок калктын улгайып бара жатышынан улам өлкөдө жумушчу күчүнө муктаждыкты пайда болду. 2020-жылдын соңуна карата 125,8 миллион адам жашаган Японияда болгону 1,72 миллион чет элдик жумушчулар болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiya-2022-zhyldan-tartyp-chet-eldikterdi-massalyk-trd-zhumushka-kabyl-alat



Добавить комментарий