Япон бийлиги элге көп жолу колдонуучу беткапты бекер таратып баштады

17 апрель 2020 11:52 1300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өңяпон өкмөтүнүн программасынын алкагында Токиодогу почта бөлүмдөрүнө көп жолу колдонулуучу беткаптар келип баштады. Ал элге бекер таратылып, оорунун жайылышын чектөөгө жардам берет

Kyodo агенттигинин жазышынча, беткаптар ар бир үй-бүлө мүчөсүнө экиден берилет. Өкмөт май айынын аягына чейин 50 миллион үй-бүлөнү беткап менен камсыздоону пландап жатат.

Ал эми япон өкмөтүнүн мындай программасын бардык эле жарандар колдой бербейт. Мисалы өкмөт 100 млн. көп жолу колдонула турчу баткапты тиктирүү үчүн 431 млн доллар короткон. Каршы болгондор бийлик акчаны асманга сапырып жок кылууда деген пикирде. Себеби, мындай ыкма эпидемияны жок кылууга жардам бербейт.

Япониянын жети префектурасында 7-апрелден тарта 6-майга чейин өлкө боюнча өзгөчө абал киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/yapon-bijligi-elge-kp-zholu-koldonuuchu-betkapty-beker-taratyp-bashtady



Добавить комментарий