"Яндекс. Еды" ишканасында иштеп каза тапкан кыргызстандык жигитке айып салынган
Санкт-Петербург шаарында «Яндекс.Еды» ишканасында иштеп жатып жумуш маалында Кыргызстандын жараны курьер Артык Орозалиев каза тапты.
Россиянын ЖМКлары кабарлашкандай, алдын ала маалыматтарга таянсак 21 жаштагы курьер Артык Орозалиевдин жүрөгү токтоп калган. Кийинки күнү система курьерге жумуштан калганы үчүн айып пул салган.
ЖМКлар кабарлашкандай, Артык 10 саат бою тынымсыз иштеп журөк оорусунан каза тапкан. Кийинки күнү курьер жумуштан калганы үчүн айып салынгандардын тизмесинде экени тууралуу скриншот чыкты.
«Яндекс.Еде» системасынан жагдайдан кабарлары бар экенин тууралуу маалымдашты.
“Биз болгон жагдайга шок болуп жатабыз жана курьердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз Артыктын жакындары менен кандай көмөк бере аларыбызды сүйлөшүп жатабыз”,-деп кабарлашты компаниядан.
ЖМК Артык иштеген компаниядагы шарттар бир кыйла эле кеңири таралган көрүнүштөр экенин жазды.
Түйүндөрдүн биринин колдонуучусу:
-Яндекс тамак бул жумушчуларга айбандай мамиле кылуу (10 чакырымды жарым саатта жөө басышың керек, антпегенде айып пул)
-Сага азыраак айлык төлөш үчүн күн сайын салынган штрафтар.
-Минуска иштөө (акча боюнча)
-Жумушчулардын өлүмү”,-деп жазды.
Ссылка: https://barometr.kg/yandeks-edy-ishkanasynda-ishtep-kaza-tapkan-kyrgyzstandyk-zhigitke-ajyp-salyngan
Добавить комментарий ×