Якутскиде мигранттар иштеген дүкөндү талкалагандар кармалды

28 март 2019 13:27 16073 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Якутск шаарында Кыргызстандан барган эмгек мигранттары иштеген ишкерлердин объектилерин талкалаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Саха (Якутия) республикасынын  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка таянуу менен Sakhalife.ru булагы кабарлады.

Полиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында Петровская көчөсүндө жайгашкан дүкөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерди жасаган төрт эркек кармалды.

Кечээ түндө алар полция бөлүмүнө жетирилди.

Эскерте кетсек, Якутияда 17-мартта зомбулук ишине шектелип 23 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган.

Ушул эле күнү Якутскинин Комсомольская аянтында мигранттарга каршы митинг өткөн. Кийинки күнү мигранттарга каршы көп адамдар катышкан митинг "Триумф" спорт комплексинде болгон.

Ушул эле күнү жергиликтүү тургундар жемиш-саткан кисокилерди талкалашкан. Мигранттарды уруп-сабашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/yakutskide-migranttar-ishtegen-dknd-talkalagandar-karmaldy



Добавить комментарий