Россияда кыргыз таксисти сабап койгон жаранга кылмыш иши козголду

3 август 2023 16:44 1709 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда Кыргызстандык таксистке кол көтөргөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 3-августунда Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө орус улутундагы адамдан таяк жеген таксист Кыргызстандын жараны 1975-жылы туулган М.Ш. чакырылган. 

Эскерте кетсек, кече, 2-августа социалдык тармактарда жана бир катар маалымат агенттиктеринде Москвада кыргызстандык таксистке адекваттуу эмес кардар кол көтөргөнү тууралуу маалымат тараган. 

“Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурган.

Таксисттин айтымында, 2023-жылдын 18-июнунда түштөн кийин буйрутма түшүп, андан кийин Неглинная көчөсүндөгү керектүү дарекке жетип, жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Кардарга унаа ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен таксист кайрылганда, анын жанында  отурган адам айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси  «Сабоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын жараны М.Ш. жабырлануучу катары таанылган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери башталды”, -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, орусиялык блогерлер да биринчилерден болуп таксисттин мыйзамдуу укугун коргоп, бул окуяны социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүшкөн.



Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-kyrgyz-taksisti-sabap-kojgon-zharanga-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий