Баткенде жаранды өлтүрө атып салып, качып кеткен жарандар Тажикстандан кармалды

30 октябрь 2023 12:07 1335 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кызыл-Кыяда жаран дүкөндө шеригине ок атып, изин жашырып Тажикстанга качып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 25-октябрь күнү саат 02:15тер чамасында,  ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен жанындагы шеригин атып салып, изин жашырып кеткен. 

“Ал эми октон жараат алган жаран Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.
Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-иликтөө иш-чараларанын негизинде   Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу жараны менен Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 27 жаштагы И.У. аттуу тургуну экөө өз ара пикир келишпестиктен улам, ызы-чуу чыгып, натыйжада И.У.өзү менен алып жүргөн белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен Л.Шнын ичине атып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги аныкталган.
Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү И.Унун жүргөн жерин аныктоо үчүн тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.
Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталды.
Кылмышка шектүү  И.У. жана анын кылмышка шериктеш Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 32жаштагы А.Анын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, төмөнкүлөр аныкталган:  
2023-жылдын 25-октябрь күнү Ош ШИИБне Ош шаарынын 32жаштагы Т.Д. арыз менен кайрылган. Арызында аны 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01.30дар чамасында аны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына алып келип, өздөрүн "смотрящий" деп атаган 8 жаран (арасында издөөдө жүргөн  И.У.да болгон) белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, "бизге жасалма 20миң АКШ долларын таап келесин, болбосо автоунааңды бизге өткөрүп бересин" деп ага күч колдонуп, зомбулук көрсөтүп, айдоочулук көбөлүгүн 10650сом акчасын, айдап жүргөн автоунаасын тартып алып койгондугу маалым болгон.
Бул жагдай боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Дга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Баткен ОИИБдин жана Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өздөрүн крим авторитет эсептеп жүргөн, жогорудагы кылмышка шектелип, Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 27жаштагы Т.М. жана Б.М., 31жаштагы Э.М. жана А.И. ошондой эле мурда бир канча жолу соттолгон Ноокат районунун 21жаштагы А.А. жана Кызыл-Кыя шаарынын 18жаштагы Э.И. аныкталып, Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ал эми издөөдө жүргөн И.У. жана анын кылмыштуу шериги А.Анын жүргөн жери аныкталып,  алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстан Республикасынын аймагына кирип кеткендиги маалым болду.
Баткен ОИИБдин башчысы милициянын генерал-майору Мурат Боронов менен Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновтун сүйлөшүүлөрүнүн жана кылмыштуулуктун алдын алууда биргеликте аракеттенүүнүн алкагында эки өлкөнүн ыкчам кызматкерлери биргеликте ыкчам иш аракеттерин жүргүзүп, издөөдө жүргөн И.У жана А.А. Тажик Республикасында аныкталып кармалып,  Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүлүп алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zharandy-ltr-atyp-salyp-kachyp-ketken-zharandar-tazhikstandan-karmaldy



Добавить комментарий