Якутскиде аял зордуктоого шектелип дагы эки кыргызстандык кармалды
Якутскинин шаардык соту 17-майга чейин жергиликтүү тургунду уурдап барып жана зомбулук көрсөткөнү үчүн кыргызстандык эки жаранды камакка алды. Бул тууралуу Znak.com булагы шаардык соттун басма сөз кызматына шилтеме кылуу менен кабарлады.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 17-марттын түнүндө буга чейин камакка алынган 23 жаштагы Кыргызстандын жараны аялга зомбулук көрсөткөндөн кийин эки досунун унаа оңдоочу жайына алып барган. Аял алардын укташын күтүп, ошондон соң качып чыгып укук коргоо органдарына маалымдаган.
Ушул эле күнү Якутскинин Комсомольская аянтында мигранттарга каршы митинг өткөн. Кийинки күнү мигранттарга каршы көп адамдар катышкан митинг "Триумф" спорт комплексинде болгон.
Ушул эле күнү жергиликтүү тургундар жемиш-саткан кисокилерди талкалашкан. Мигранттарды уруп-сабашкан.
Эскертке кетсек, Якутияда 17-мартта зомбулук ишине шектелип 23 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/yakutskide-ayal-zorduktoogo-shektelip-dagy-eki-kyrgyzstandyk-karmaldy
Добавить комментарий ×