Якутиянын башчысынын жарлыгынын кыргызстандык мигранттарга тиешеси жок

29 март 2019 09:27 2994 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саха (Якутия) республикасынын башчысы Айсен Николаевдин жарлыгынын кыргызстандык мигранттарга тиешеси жок. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилиги кабарлады.

“Саха (Якутия) Республикасынын 2019-жылга чет элдик жарандарды экономикалык ишмердиктин айрым түрлөрүнө иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө жарлыгы Кыргызстан мүчө болуп эсептелген Евразиялык экономикалык биримдиктин 2014-жылдын 29-майында кол коюлган келишимдин 97-беренесине ылайык Кыргызстандын жарандарына тиешелүү болбойт”,-деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, Якутияда 17-мартта зомбулук ишине шектелип 23 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган. Ушул эле күнү Якутскинин Комсомольская аянтында мигранттарга каршы митинг өткөн. Кийинки күнү мигранттарга каршы көп адамдар катышкан митинг "Триумф" спорт комплексинде болгон.

Ушул эле күнү жергиликтүү тургундар жемиш-саткан кисокилерди талкалашкан. Мигранттарды уруп-сабашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/yakutiyanyn-bashchysynyn-zharlygynyn-kyrgyzstandyk-migranttarga-tieshesi-zhok



Добавить комментарий