Якутиядагы зордуктоого шектүү болгон кыргызстандыктардын бирөө мыйзамсыз аракетин мойнуна алып, эки жаран бошотулду

19 март 2019 17:08 4397 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Якутияда  бүгүнкү күндө  кечээкиге караганда абал туруктуу. Жергиликтүү бийлик менен  Кыргызстандан  барган делегация  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  ал жактагы кыргыз  диаспоралары мекендештердин коопсуздугун  камсыз кылуу багытында  түшүндүрүү иштерин  жүргүзүүдө. 

Өлкөнүн Россиядагы  элчилигинен  билдирилген маалыматтарга караганда, 17-мартта Якутскинин жашоочусу зордукчулдун курмандыгы болгон. Окуяга кыргызстандык бир жарандан башка дагы эки адам шектелип, тергөө иштери жүрүүдө. Көрүнүшкө  нааразылыгын билдирген  жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү митингге  чыгып, социалдык тармактарда мекендештер  иштеген соода түйүндөрүндө  аларга карата опуза, коркутуулар  болгону  жарыяланууда. 

Эксперттер  коомго жат мындай көрүнүштөр мыйзам талаасында сүйлөшүүлөрдүн  негизинде  чечилиш  зарылдыгын белгилеп, мигранттын  кылмышы үчүн эл достугуна  доо кетпеши үчүн экстремисттик чакырыктардан ар бир адам алыс болушу керектигин эскертишүүдө.                          

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин  басма  сөз  катчысы  Гүлбарчын  Байымбетова мындай  көрүнүштөр  мындан мурунку  күнү  болуп жатканын, бүгүнкү күндө  кырдаал жөнгө  салынгандыгын  билдирди. 

Окуя орун алган Якутияга дароо  Кыргызстандын тиешелүү  мамлекеттик органдарынан  түзүлгөн  делегация барып, сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп жатканы  кошумчаланат басма сөз  катчынын  билдирүүсүндө. Андан тышкары Кыргызстандан бүгүнкү  күндө  Якутияда  6400 кыргызстандык  эмгек  миграциясында  жүргөнү айтылат.

Маалыматка таянсак Якутиядагы  “Ынтымак” кыргыз  диаспорасынын  жетекчиси   Алтынбек Орунбаевлин айтуусунда, шектүү  кыргызстандыктардын  бирөө мыйзамсыз аракетин  мойнуна  алып, эки жаран  бошотулду. Азырынча  мекендештерден  жумушка  чыкпай, коопсуздугуна  коркунуч келтирбөө  багытында түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүүдө. "Якутияда кыргызстандыктар  тарабынан  жасалган жосунсуз  жоруктар  биринчи жолу  болуп жатканы жок",-деп сөзүн  улады диаспора  жетекчиси Алтынбек Орунбаев. Ал зордуктоодон  сырткары, уурулук фактысы көп катталгандыгына  кабатыр.

"Бир кумалак, бир карын майды бузат" деген элибиздин накыл кеби бар. Талкууга шарт түзгөн жагымсыз жагдай  бүгүнкү  күндө  коомчулуктун  талкуусунда. Кески сынга алгандары, элди  сабырдуулукка  чакыргандары, тынч  болсо экен деп  кабатыр арткандардын саны  күн  санап өсүүдө.  Албетте, зордуктоо  фактысы  бардык өлкөлөрдө коомчулуктун  кыжырын  келтирип,  аларга  карата жоопкерчилик  катуу каралат. 

Бөтөн эл, чоочун жерде кылмышка баруу  өлкөнүн  кадыр-баркына дагы  көлөкө  түшүрүп, эл достугуна  доо кетирбей  койбойт. Мекендештер ал жактарга  барган негизги  жумушунан башка азгырыктарга  алдырбашы  керектигин эскерткен  эксперттер, орун алган окуя калган  мигранттардын  коопсуздугуна  коркунуч келтирбейт деп ишеним артышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/yakutiyadagy-abal-tuuraluu-rasmij-maalymat-shekt-kyrgyzstandyktardyn-bir-myjzamsyz-araketin-mojnuna-alyp-eki-zharan-boshotuldu



Добавить комментарий