Таяк-тартыш боюнча Россиядан кыргыз спортчулары 13 медаль жеңип келишти

30 июнь 2022 15:23 1952 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык спортчулар Орусияда өткөн таяк-тартыш боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу таяк-тартыш федерациясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр"  билдирет.

Маалым болгондой, турнир 22-24-июнь күндөрү Орусиянын Якутия шаарында 41 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өткөн.   
Кыргыз спортчулары 13 медаль 3 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медалга ээ болушту.  

Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы Россиянын командасына гана утулуп, 2-орунду ээледи.  

Кыргызстандын курама командасынын курамында жеңүүчүлөр:       

Алтын медаль;        

55 кг чейин - Иманканова Дилбара        

 60 кг чейин - Асанов Азамат             

65 кг чейин - Нуржанова Кымбат               

Күмүш медаль;              

65 кг чейин - Токтошев Бекмырза                   

90 кг чейин - Чыныбек уулу Руслан                     

105 кг чейин - Атайбек уулу Келдибек                       

Коло медал;

70 кг чейин - Айтбаев Элдос                           

75 кг чейин - Бекжан Өмүралиев жана Эльдана Болотбекова                             

80 кг чейин - Абылов Бакдөөлөт                               

85 кг чейин - Майлибашева Назия                              

90 кг чейин - Акылбек уулу Эржан                                   

125 кг чейин - Ырысбаев Улукбек                                  


Ссылка: https://barometr.kg/tayak-tartysh-boyuncha-el-aralyk-meldeshten-kyrgyz-sportchulary-13-medal-zheip-kelishti



Добавить комментарий