Якутскта мыйзамсыз көмүлгөн мүрзөдөн кыргыз жана тажик жарандарынын сөөгү табылды (Сүрөт)

8 июль 2020 17:28 1850 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Якутск шаарындагы мыйзамсыз көмүлгөн беш мүрзөдөн кыргыз жана тажик жарандарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин башкармалыгынын баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Якутск шаарындагы (РФ) жергиликтүү кататтуулар фабрикасынын тегерегинен мыйзамсыз көмүлгөн беш мүрзө табылды. Андагы көмүлгөн сөөктөр Кыргызстан жана Тажикстандын миграттарына тиешелүү.

Миграттар көмүлгөн жерден 300 метр аралыкта мурзө жайгашкан.

“Аныкталган жерде беш миграттын сөөгү көмүлгөн. Анын экөөсүндө жазуулар бар, калган үчөөнүн өздүгү такталып жатат. Анда Кыргызстандын жана Тажикстандын миграттарынын сөөгү экени аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/yakutskta-myjzamsyz-kmlgn-mrzdn-kyrgyz-zhana-tazhik-zharandarynyn-sg-tabyldy-srt



Добавить комментарий